Мыкты мугалим

Абдырахманова Атыркуль

Абдырахманова Атыркуль Шаршеналиевна – Чүй облусунун Кемин районундагы №3 Н. Давлесов атындагы орто мекетибинин орус тили жана адабияты мугалими. Мугалимдик стажы – 30 жыл.

А. Абдырахманова 1970-жылы 27-январда туулган. 1985-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайына башталгыч класстардын орус тили мугалими адистигине тапшырып, 1989-жылы аны артыкчылык менен аяктаган.

1990-жылы Кемин районундагы Чым-Коргон мектебинде мугалим болуп иштеп эмгек жолун баштаган. Ошол эле жылы Кеминдеги №3 орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп которулган. Кийин Жети-Өзүз районунун Оргочор айылында, Кемин районунун Жаңы-Алыш орто мектебинде эмгектенди.

Учурда Кемин районунун Н. Давлесов атындагы №3 орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. 5-класстар үчүн орус адабияты сабагынан “Санарип мугалим” долбоору боюнча сабактарды даярдап, райондук билим берүү бөлүмүнөн “Ыраазычылык кат” алган.

А. Абдырахманова КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси.

Гладких Екатерина Кузьминична

Гладких Екатерина Кузьминична – Талас шаарындагы Р. Я. Рысакова атындагы №2 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими. Мугалимдик стажы – 54 жыл.

Гладких Е.К. 1946-жылы 6-декабрда Орусия Федерациясынын Алтай аймагынын Тюменцев районундагы Ключи айылында туулган.

1962-жылы Камень-на-Оби шаарындагы педагогикалык окуу жайга башталгыч класстардын мугалими адистиги боюнча тапшырган. Окуу жайды 1966-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Алтай аймагынын Мезенцев орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

1970-жылы Кыргыстанга көчүп келип, 1970-1995-жылдары Талас шаарынын көмөкчү мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген. 1995-жылдан бери Р. Я. Рысакова атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинде эмгектенип келет. Ошол эле учурда Талас мамлекеттик университетине тапшырып, аны 2000-жылы бүтүргөн.

Гладких Е.К. мектептин коомдук жашоосуна активдүү катышып келет. Ошондой эле, 2000-жылдан бери Гладких Е.К. №2 Рысакова атындагы орто мектебинде директордун окуу-тарбиялык иштери боюнча орун басары болуп иштейт.

Екатерина Кузьминична КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Көптөгөн областтык сыйлыктардын жана Билим берүү министрлигинин ардак грамоталарынын ээси.

Элмира Абирова

Абирова Элмира Турсуновна – Ош облусунун Ноокат районундагы А. Мамыров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими. Мугалимдик стажы – 33 жыл.

Э. Абирова 1964-жылы 12-декабрда туулган. 1982-жылы Фрунзе орус тили жана адабияты институтуна тапшырган. 1987-жылы институтту аяктап, Ош облусунун Ноокат районундагы Калинин атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган. Азыркы учурга чейин, А. Мамыров болуп аты өзгөргөн, ошол эле мектепте эмгектенүүдө.

Жаш мугалимдерге окутуудагы жана тарбиялоодогу семинарларды, мектептен тышкаркы жалпы мектептик семинарларды жана тренингдерди өтүүдө өзүнүн иш тажрыйбасын үйрөтүп келет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы “Тарыхый бурчтар аркылуу жаш муундарга тарбия берүү” автордук программасынын үстүндө иш алып барууда.

КР ББИМдин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

 

Заявка на подачу урока